www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жаңы вице-спикерин КСДПдан башка, кайсы фракциядан болбосун аял кишиден шайлайлы деп сунуш кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

- Бүгүн фракция иш көрсөттү, Асель Кодуранованы кантип вице-спикерликтен алып салышкандыктары тарыхта калат, - деп белгиледи Карамушкина. - Бул жийиркеничтүү иш. Ушундай болгон соң, эми вице-спикерди башка фракциядан аял кишини шайлайлы. Бизди уруштуруп койгон менен, жашоо улана берет да.

Өз кезегинде «социал-демократтардын» лидери Иса Өмүркулов мындай чечимдерди фракция мурда эле кабыл алып жүргөндүгүн Карамушкинанын эсине салды. 
- Менин кандай багытты карманышымды, КСДПнын кай жерде болушун, Атамбаевсизби же аны мененби аны сиз чечпейсиз,- деп түшүндүрдү ал. - Мен бул партия үчүн канымды бергем, ал убакта көптөрү үстөлдүн астында сойлоп жүрчү. Силердин партияга кантип келгендигиңер да белгисиз эч кимге.

Карамушкина КСДПнын ишенимине өз эмгегим менен арзыгам деп күйүп кетти.

Түшүндүрө кетели, «социал-демократтар» фракция жыйынында Асель Кодуранованы ордунан алуу боюнча чечим кабыл алышты жана анын ордуна Аида Касымалиеваны шайлайлы дешти. Бирок партиянын катчылыгы бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеди.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости