www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карылыкка каршы рецепттер

Бырыш түшкөн соң аны жок кылууга аракет кылгандар жаңылышат. Бырыштын түшүшүн кийинкиге калтыруу үчүн 27-30 жаштан баштап профилактика жүргүзүү зарыл. Андан улуулар үчүн деле кеч эмес. Сулуулук салондорунун кызматынан пайдалануудан тышкары үй шартында деле бырыштардын алдын ала аласыз. Ал эми курамында гормондор бар кымбат косметикалар тез жана натыйжалуу жыйынтык берет. Бирок аны пайдаланганыңызды токтоторуңуз менен бырыштарыңыз мурункудан да даана билине баштайт.

- Эң биринчи бырыштар –маңдайда пайда болгон бырыштардын алдын алуу жөнөкөй: бир тилке калың кагазга кремди жакшылап сүйкөп, аны маңдайыңызга коёсуз. Эскерте кетчү нерсе, кагаздын бир да жери бүктөлбөй, жүзүңүзгө тептегиз болуп коюлушу керек. Анын сыртынан бинт менен байлайсыз. Алгач ушундай калыпта 15-20 мүнөт жүрөсүз, беш-алты жолкудан кийин убакытты бир аз созсоңуз болот.

- Маңдайдагы бырыштардын алдын алуунун экинчи жолу: бир жумуртканын агын бөлүп алып бетиңизге сүртөсүз. Бир нече убакыт өткөн соң чекеңизди тырыштыруу ыңгайсыз болуп калганын сезесиз. Бул процедураны чекеңизди тырыштыруу адатыңыз биротоло калмайынча кайталай бериңиз.

- Эртең менен жуунгандан кийин чакан сүлгүнү ысык сууга малып, бетиңизге, мойнуңузга 2-3 мүнөт кармап туруңуз. Андан кийин жылуу суу менен чайкап алыңыз.

- 2 чоң кашык кара буудайдын унун, 1 жумуртканын сарысын, 3 чоң кашык жылуу сүттү жакшылап аралаштырып бирдей массага келтиресиз. Ушул аралашманы бетиңизге жана мойнуңузга 20 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

- Аарчылган жарым бананды аябай майдалап туурайсыз да, ага 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык каймак жана 2 кичине кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге 20-25 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

- Мимикалык бырыштардан арылуу үчүн түнү бетиңизге өсүмдүк майын сүйкөп жатыңыз. Анардын сөөктөрүнөн алынган май өзгөчө жакшы жардам берет.

- Алоэни сыгып, андан алынган 1 чоң кашык ширеге өзүңүз колдонуп жүргөн бет майдан жана өсүмдүк майынан 1 кичине кашыктан кошуп аралаштырасыз. Аралашманы колуңуз менен жеңил чапкылап бетиңизге, мойнуңузга сүйкөйсүз. 20-25 мүнөттөн кийин нымдуу салфетка менен алып саласыз.

- Петрушканы жууп, майдалайсыз да, эки стакан муздак сууга салып, жай отко 15-20 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң эртең менен, кечинде бетиңизди сүртүп турасыз.

Последние новости