www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мичиган штатынын Говард Кирби аттуу тургуну  диван сатып алып, андан 40 миң доллар таап алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Говард Кирби аттуу жаран 2019-жылдын декабрында,  колдонулган буюмдарды сатуучу жайга барып, эски диван сатып алган. Кийин, ал   диванга отуру ыңгайсыз болгондуктан,  ичин текшерүү максатында  ачып көрүшкөн. Жыйынтыгында, ачылган дивандын ичинен жалпы суммасы   40 миң доллар жеткен  акча чыккан. Акчанын көпчүлүгү 20, 50, 100 долларлыктар  болгон.

Говард Кирби акчаларды таап алгандыгына таң калып, жактоосучу менен кеңешип көрүүнү чечет.  Жактоочу бул жагдайды жана акчанын кайдан келгендигин ачыктоого милдеттүү эместигин билдирип, акчаны өзү алып калса болорун айткан.

Бирок,  Говард Кирби акчаны ээсине кайтарып берүүнү эп көрүп, диванды сатып алган дүкөндүн кызматкерине бул тууралуу билдирген. Сатуучулар өз учурунда диванды саткан адамды табышат. Ал, бул диван бир канча ай мурун каза болгон чоң атасына тийиштүү экендигин айткан.

 Жыйынтыгында Кирби дивандын мурдагы ээсине бардык акчаны кайтарып берип, буюмду өзүнө алып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости