www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эгерде жин, албарсты, басырык дегендердин баары бир түшүнүк болсо, албарсты баскан адамдын баарында жин бар деп түшүнөбүзбү?

- "Албарсты басты" деген сөз, "сырттан туруп чабуул жасады" дегенди түшүндүрөт. Же болбосо албарсты ал адамга "тийишти" деп койсок деле болот. А ичине кирип кеткенде таптакыр башкача болот. Негизи, албарсты басканды экиге бөлүп карасак болот. Айрымдарды албарсты баскан кишинин ордуна жатып алган учурда кээде гана басат. Ал эми кээ бир адамдын артынан жин калбай ээрчип жүрүп, ага зыян келтире берет. Жаш баланын, жыландын образында түшүнө кирип, уктатпай кыйнайт. Көп албарсты баскан адамдар дайыма стресс абалында болуулары мүмкүн. Негизи, динде жиндер же болбосо албарсты тууралуу чектелүү гана маалымат берилген.

- Адамдын ичине кирип кеткен жин-шайтандардан аны куткаруу үчүн камча убакыт окууга туура келет?

- Менин практикамдын негизинде айтсам, адамдардагы жин-шайтандар бир окуганда да чыгып кеткен убактар болгон. Кээде көп убакытты талап кылат. Мисалы, көзү ачык, бакшылардын өздөрүнүн сыйкыр илимдери бар, ошолорду окуп жиндерди өзүнө моюн сундурушат. Ошентип, моюн сунгандан кийин жиндер аларга желдет болуп кызмат кыла башташат. Мына ушундай учурларда адамдардагы жиндерди чыгаруу үчүн аз дегенде 15 күн, болбосо эки жылга чейин убакыт керектелет. Айрым кездерде биз окуганда ичтеги жиндер өлүп калган учурлар да болот.

- Жин деген сөздү көп колдонсо, ичине кирип кетет деген туурабы?

- Жок, бул сөздү колдонсо "ичине кирип кетет, өч алат" деген түшүнүк таптакыр туура эмес. Куран, хадистерде дагы "жин тууралуу сүйлөбөгүлө", "үч тамга" деп тергеп айткыла" деп буюрган эмес. Бизге "инсан" деген ат койгондой эле, жин да көзгө көрүнбөгөн, оттон жаралган тайпага берилген наам.

- Албарсты баскан кезде эмне кылуу керек?

- Негизи, адам баласы жатарда фатиха, аяталь курсини, билген дубаларын окуп, келме келтирип жатып, алдын ала өзүн булардан коргоп жатуусу керек. Эгерде ошондо дагы баса берсе, көйгөй адамдын өзүндө эмес, ал жаткан үйдө болот. Мындай учурда үйдү тазалоо керек болот. Жарым баштык туз кошулган беш литр сууну өзү билген сүрөөлөрдү окуп туруп үйдүн бурчтарына себелеп чыгып, кайра ошол суу менен чүпүрөктү нымдап алып үйдөгү эмеректерди, буюмдарды сүртүп чыккан натыйжалуу.

- Жинге байланыштуу таң калычтуу окуяларга күбө болдуңуз беле?

- 2014-жылы Өзгөн районундагы бир үйдү албарсты баскан экен. Бизге абалды айтканда ишенип-ишенбей барсак, небереси менен жашаган кемпирдин үйүнө муштумдай таштар асмандан түшүп, терезеси аркылуу кире берет экен. Бирок айнеги күбүлүп түшүп калбайт. Небересин болсо күнүгө кечинде тамдын үстүнөн байланган абалында тапчу экен. Көрсө, баланы жиндер үйүнөн алып чыгып байлап салышчу тура. Бизден мурда милиция кызматкерлерин чакырышкан экен, биз барсак кырктай кызматкер үйдү курчоого алышыптыр. Ошентип, баарыбыз турганда үйгө дагы таш түштү. Барып окуганда кемпирдин ичинде жин бар экен, окуган сайын ушунчалык кыйналып, эки жакка оонап жатып бир нече жолкудан кийин жакшы болуп кеткен. Таң калычтуу, ишенбей турган эле окуя, бирок бул чындык. Өз көзүбүз менен көрүп, күбө болгонбуз.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Булак: “Леди.kg”

 

Последние новости