www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бүгүн, 21-январь күнү, “Кактус медиа” маалымат сайтында  “Милиционеру УВД Оша угрожает убийством адвокат члена ОПГ” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Ал макалада автор адвокат Динара Медетова Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперкызматкери А.Н.га карата уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Казак” аттуу каймана атка ээ Умар Маратовдун адвокаты тарабынан коркутуулар болуп жаткандыгы айтылган. Оперкызматкер бул боюнча коркуткан адвокат Д.Т.га карата арыз жазгандыгы маалым болду. Ошол күнү башка оперкызматкерлеринин көзүнчө "Казактын" адвокаты оперкызматкерине “Каралар прогон кетиришти, сен чабыласың” деп опузалаган.

 Ошондой эле Динара Медетова оперкызматкердин арызын өндүрүштөн кыскартып салгандыгына нааразычылыгын билдирген. “Кактус-медиа” сайты адвокат Динара Медетова менен Ош ШИИБнын тергөөчүсү Султанбек уулу Бексултан менен болгон сүйлөшүүлөрдү дагы жарыялаган. Бул сүйлөшүүлөрдө адвокат Медетова менен тергөөчү Бексултан Султанбек уулу тергөө бөлүмүнүн жетекчисинен бул ишти жабууга буйрук келгендигин жана тергөөчү адвокаттан эч жерге кайрылбай эле коюңуз, анткени мындан эч бир жыйынтык чыкпайт деген оюн айткан.

Адвокат Медетова Түштүктүн укук коргоо органдарына ишенбестигин билдирип, түз эле КРнын Башкы прокуратурасына кайрылган бирок, кандайдыр бир себептер менен алар ишти кайра Ошко жиберип коюшкан.

Адвокат негизги орган болгон милиция кызматкерлерине болгон мамилеге кайдыгер карабай, аларды коргоону өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул иш адилет каралышын сураган.

Бул маселеге байланыштуу NazarNews.kg маалымат агенттиги Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан Замир Сыдыков  учурда бул макалада жарыяланган маалыматтардагы келтирилген фактыларды ар тараптуу терең териштирүү башкармалыктын жетекчилиги тарабынан колго алынгандыгын, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилээрин  билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости