www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактагы Ан-Наджафи шаарында жайгашкан “Вади ус-Салаам” мүрзөсү же  кыргызча маанисинде «Тынчтык өрөөнү», -деп аталат. Бул жай 1400 жылдан бери тынымсыз мусулмандардын денесин өзүнө батырып келе жатат. Анда миллиондогон шииттердин сөөгү көмүлгөнү айтылууда. Аянты 601,16 га, келип, узундугу 10 киллометрге чейин созулат.

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/WadiAlSalaam02.jpg

1. Бул мүрзөнүн шииттер үчүн орду өзгөчө. Анда Худа, Салиха пайгамбарлардын жана көптөгөн падыша, султандар менен ханзада Али Ибн Абу Талибандын сөөктөрү көмүлгөн. Алардын ишениминде, денеси кайсыл жакка көмүлгөнүнө карабай - мында баардык кудайга ишенген мусулман аялдар менен эркектердин руху байыр алат.   

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/0063-najaf.jpg

2. Вади Ус-Салаам мүрзөсүнөн Ирак, Пакистан, Индия, Афганистан, Кувейт, Ливан жана башка бир катар өлкөлөрдүн ойчулдары, окумуштуулары менен саясий ишмерлеринин күмбөздөрүн дагы көрүүгө болот. Көптөгөн шииттер өлгөндөн кийинки денеси бул жакка көмүлүүсүнөн эч качан баш тартышпайт.

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/WadiAlSalaam01.jpg

3. Эгер мүрзөдөгү шейиттердин санын жердин аянтына бөлсө, ар бирине 1 метр квадраттан туура келет. Анткени аянты алты километр квадраттан ашкан бул жайда, ушул тапта алты миллионго жакын сөөк көмүлгөнү айтылууда. А болсо анын ичиндеги жолдор, өтмөктөр, тосмолор жана ири мавзолейди эске алганда анда ар бир адамдын энчисине кыйла азыраак чарчы квадрат жер туура келет. Ошондуктан сөөктөр бири-бирине жанаша коюулса керек.  

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/kladbishe_002.jpg

4. Эстеликтердин көпчүлүгү бышкан кирпич менен гипстен тургузулган. Ошол эле учурда, алардын арасынан жергиликтүү байлардын үй-бүлөлүк ири күмбөздөрү дагы кездешет. Андан сырткары, мында жер алдындагы күмбөздөргө түшүүчү тепкичтер дагы бар. Ал мүрзөнүн 1930-40-жылдарга таандык өзүнүн стили бар. Ылдый 3 метр түшкөндө эле алыстан тегерек чокулар көзгө дароо көрүнөт.

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/najaf-cemetary_040815-f-1351b-004.jpg

5. Ирак менен Американын 2003-жылдагы согушуу учурунда ирактык согушкерлер – бул мүрзөнү коргонуу жана чабуул үчүн колдонушкан. Жер алдындагы мовзолейлер америкалыктарды торго түшүрүүдө чоң кызмат кылган. Тагыраагы, мүрзөнүн коен жатагына чейин беш колундай билген жергиликтүү иркатыктар күтүүсүздөн жер алдынан чыга калышып каршылашына кол салып, ошол замат жок болуп кетишкени айтылат.

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/WadiAlSalaam03.jpg

7. Мына ошол жергиликтүүлөрдүн өзгөчө тактикасынан чоочулаган америкалык аскер, тартынбастан ал мүрзөдөгү жандуу жана жансыз денелерди ракеталык жардырууга алган.  

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/WadiAlSalaam05.jpg https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/022e5192a3f7.jpg

8. Вади Ус-Салаам мүрзөсү 2004-жылдан тарта аянтын барган сайын кеңейтүүдө. Буга Ирактагы токтобогон согуштун кесепети себеп. Анда өлгөндөрдүн катары 2003-жылдан бери токтобой келе жатат. Алгач алар америкалыктар менен согушсса, кийин шииттер менен сунниттердин кармашы орун алган. Ал эми 2008 – жылы ирак армиясы менен көтөрүлүшчүлөрдүн тиреши орун алгандан кийин согуш, жаңжалдардын аягы басаңдагансыды. Албетте каза болгондордун саны көзгө көрүнөрлүк азайган.  

https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/WadiAlSalaam04.jpg https://bigpicture.ru/wp-content/uploads/2013/05/kladbishe_003.jpg

9. Ошентип 2010-жылдын июнь айында, Ан-Наджаф шаарындагы Вади Ус-Салаам мүрзөсү ЮНЕСКОнун бүткүл элдик мурастар фондуна киргизилген. Ал үчүн атайын делегация Иракта эки аптадан ашык убакыт болушуп, бир катар талаштуу суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости