www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актер жана каскадер Жеки Чан өзүнүн 48 жылдык карьерасында 200дөн ашык өлүмдөн аман калган. Бул тууралуу ал AsiaOneге  берген интервьюсунда айтып берген.

Журналисттер 65 жаштагы актердон өлүмгө алып келүүчү кокустуктар канчалык көп болчу экенин сурашкан.

“Көп жолу...Балким ар бир тасмада бир нече жолу. Кыязы жаш кезегимде көбүрөөк болчу. 200 дөн ашык”,-деп актер билдирген.

Жеки Чандын акыркы “Авангард” тасмасында актер отуруп бара жаткан суу мотоцикли асканы барып сүзүп, тоголонуп кеткен. Мотоцикл актерду басып калып, ал өзү чыга албай калган. Ага съемка тобунун мүчөлөрү жардамга келген.

“Съемка учурунда кокустук болгондо, мен жөн эле кийимимди которуп, суу ичип съемканы уланткам. Сиз бүт баарын күтүп турууга мажбурлай албайсыз. Актерлер профессионал болуш керек”,-деп баса белгилеген.

Жеки Чан “Доспехи бога” тасмасында бактан секиргенде алган баш жаракаты  олуттуу жарааттардын бири болгонун айтты. Ошол окуядан кийин азыркыга чейин башында метал пластикасы турат.

Мындан сырткары Жеки Чан “Пьянный мастер” тасмасын тартуу учурунда алган жаракатынан улам көзүнө операция жасоого туура келген. Ал эми, “Разборка в Бронсе” тасмасын тартуу учурунда көпүрөдөн секиргенде жамбаш сөөгүнөн, таман муундарынан жаракат алып, бутунун манжаларынан ачык сынык алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости