www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы пирамидасынын биринчи белгиси жогорку киреше убадаланганы болуп саналат. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, сизге акча салуу сунушталганда жана бир айдын ичинде депозиттин суммасын 100% кайтарып берем дегенде этият болушуңуз керек.
"Бизнесте мындай акчаны эч ким сунуштай албайт. Атаандашуунун белгилүү бир эрежелери бар", — деп түшүндүрдү Карабаева.
Экинчи маанилүү жагдай - бул кирешелүү операцияларды сунуш кылган ишкананын ишин жөнгө салуучу орган.
Улуттук банктын өкүлү Улуттук банктын реестриндеги финансылык институттар боюнча маалыматтарды текшерүүнү сунуштайт.
"Биз мындай системалар менен күрөшүү боюнча консультацияларды өткөрүп жатабыз" деди ал.
Булак: NazarNews.kg