www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 19-апрелде Бишкекте “улут аралык кастыкты козутту” деп шектелип жаткан тургундун соту уланат. Ишти Биринчи Май райондук соту карап жатат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча буга чейинки соттук отурумда адвокаттар сунуш кылган эки филолог адис көрсөтмө берип, ал айыпталып жаткан «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан.

Сотко байкоо жүргүзүп жаткан жарандык активист Бурул Макенбаеванын айтымында, бүгүн да эксперттерди угуу уланат:

- Дагы бир эксперт сүйлөйт бүгүн. Зайнидин Курманов. Буга чейинки сүйлөгөндөр ал жерде улут, дин же расалык кастык жок дешкен.

2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости