www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингчилердин тиши сотко өтөбү?

Беш күндөн кийин абдан үлкөн, таасирдүү митинг Жогорку соттун алдында өтөөрү боюнча коңгуроонун кагылышы эмнени билдирет? Албетте, териси калың болуп калган, жогору жакты шыкаалап караган соттордун жамбашына “шибеге” саюуга болгон аракет экендиги сокурга да маалым. Текебаевчилердин тобуна Жапаровчулар да кошулаары айкын болду. Башкалары да сапка тизилиши күмөн жаратпайт. Айтор, бир жарым жылдан бери былк этпеген бийликке сес көрсөтүүнү “Ата Мекенчилер” колго ала турган болушту.

Ал эми он күн мурда эски аянтта эмес Горький багында болчу Бабановдун үлкөн митингинин жели чыгып “пыш” деген абалга жетти. Антсе да 23-апрелдеги болчу митингди эч ким тескери жолго салып жибербесине ишеним арта туралы. Эгерде эле алдын-ала такталган алты миң адам келип катышып берсе сөзсүз түрдө эске алынмак. Көптөн бери көрүнбөй кеткен Болот Шердин киришкенине караганда ушул ирет Текебаевдин эркиндикке чыгышына чыйыр салынат шекилди. Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичеби, аны көрө жатарбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости