www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык “Кешью” тобунун экс-солисткасы Акбота-Нур Сейтмагамбет продюсери Баян Есентаеванын сунушу менен 2016-жылы “Гламур для дур” аттуу чоң тасмада өзүнүн дебютун жасаган. Бул тасма тартылган соң Акбота “Кешью” тобунан кетти. Топтон кетишин продюсери ырчы кыздын жеке жашоосуна байланыштырган. Андан көп узабай Акбота тасмада башка каарман болуп бирге тартылган Даурен Айдаркулов аттуу үч баланына атасы, шоумен жана актёрго турмушка чыкканы белгилүү болду. Окуянын баары кандайча болгон? Ырчы эмнеге эрте турмушка чыгып алган бул суроолордун баардыгына жоопту Акботанын өз оозунан уктук.

- Акбота, “Гламур для дур” долбооруна кантип келип калгансың?

- Мен бардык каалоочулардай эле бул тасманын кастингине катышкам. Бала кезимден тасмага тартылсам деген кыялдарым бул кастингге катышууга түрткү болгон. Атаандаштарымдын арасында актриса жана ырчы кыздар бар болчу. Кастингден эки ай өткөн соң режиссер мен башкы ролго бекитилгенимди кабарлаган.

- Сенин баш каарманың ким болгон? Сүрөттөп берсең...

- Менин каарманымдын ысымы Улжан. Ал айылдан келген жөнөкөй, шайыр, күчтүү кыз болот.

- Тасмада Казакстанга белгилүү инсандарды көрүүгө болот экен. Алар менен кандай иштедиң?

- Мен Асель Акбарова, Даурен Айдаркулов аттуу жакшы адамдар менен бир тасмага тартылып калганыма сыймыктанам. Тартуу учурунда алар мага колдоо көрсөтүп, кыйынчылыктар болсо колдоп турушту.

- Демек, жолдошуң Даурен менен бул тасмадан таанышкан экенсиң да?

- Ооба.

- Даурен сени эмнеси менен арбап алды?

- Ал өз ишин билген мыкты инсан. Адамдык сапаттары абдан бийик жана аялзатына абдан жакшы кам көрө билет.

- Социалдык тармактарда сени жаман сөздөр менен сындагандар көбөйдү го...

- Ооба, андайлар бар. Эң башкысы алар чындыкты билбей эле жазып жатышат. Эч ким бирөөнүн күйөөсүн тартып алган жок. Эч ким эч кимди кыйнаган жок. Даурен экөөбүздүн никебиз октябрь айында эле кыйылган. Учурда бактылуу өмүр сүрүп жатабыз. Баардыгы өз убакытысы менен болот.

- Турмушка эрте чыгып алганыңа өкүнбөйсүңбү?

- Жок, өкүнбөйм. Себеби, ар бир кыз үй-бүлө күтүп, эне бактысына ээ болушу керек деп эсептейм. Мага Жараткан ушул убакытта буюруп койгон экен.

- Чыгармачылыгыңды улантасыңбы же...?

- Сөзсүз. Жаңы ырларды жаздырып, өз алдынча чыгууну пландоодомун. Жакында дагы бир жаңы тасмага тартылууга камданып жатабыз.

Аруужан Булекбаева, NazarNes.kg

Последние новости