www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдагы жардырууну жанкечти жасаган. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Шектүүнүн тек-жайы аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал ортоазиялык 23 жаштагы адам болгон», — деп билдирди агенттиктин булагы.

Орусиянын Улуттук антикоррупциялык комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардыруудан 11 адам мерт кетип, дагы 45 киши жаракат алган. Окуя боюнча тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Батыш өлкөлөрү жана саясий ишмерлери жардырууну айыптап, окуяга байланыштуу Орусияга көңүл айтышты.

Петербург метросундагы жардыруу болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат үчтөрдө "Технологический институт" жана "Сенная площадь" метро станцияларынын ортосундагы поездде болгон. Кийинчерээк "Площадь Восстания" станциясында жарылбай калган бомба табылып, зыянсыздандырылган. Окуя болгон маалда Санкт-Петербургда Владимир Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолугуп жаткан.

4-апрелде Санкт-Петербургда үч күндүн аза күтүү жарыяланды.

Последние новости