www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныгы жашоодо абдан ачык, шайыр жигит Данияр Токтомамбетов үй-бүлөсү менен тамашалашканды абдан жакшы көрөт. Вайнерлик менен алек болуп, “Донча” деген псевдоним менен чыккан жигиттин жашоосу бүгүнкү күндө эл үчүн абдан кызыктуу. Мындай жашоого Данияр кандай жолдорду басып өтүп келген маектен кеңири маалымат аласыздар!

- Данияр, “Донча” деген псевдонимди каяктан алып пайдаланып калдың?

- Бул псевдонимди ойлоп табуу үчүн максималдуу түрдө ойго баттым. Досторумдун көбү мени “Данчо”, “Дани”, “Данчик” деп чакырышаар эле. Бул аттардын арасынан мага “Данчо” дегени жакчу, ойлонуп олтуруп эки тамганын гана ордун алмаштырсам “Донча” болуп калат экен. Өзүмө жагып ошол псевдоним менен чыга берүүнү туура көргөм.

- Тамашаларды чыныгы жашоодон аласыңбы?

- Ооба, ар бир адамдын өткөн жашоосу тарых болуп калат эмеспи. Мен дагы өз башымдан өткөн окуяларды бир аз көркөмдөп чыгарчумун. Жашоо кызыктуу окуяларга абдан бай. Ал окуяларды ирээтке салып, жакшы тамашаларды жаратса болот.

- Орус тилин чынында билбейсиңби?

- Орус тилинде эркин сүйлөйм. Бирок, буга чейин эркин сүйлөй албай кыйналган күндөр баштан өткөн. Оюмду жеткире албасам мени шылдыңдап, үйрөткөндөр болгон. Азыр баары жакшы буюрса.

- Коомчулукка таанылгандан кийин сени шылдыңдап жүргөндөрдүн ою өзгөрүлүп калдыбы?

- Азыр көчөдөн көргөн адамдардын баардыгы алыстан эле “Mc_Doncha, салам!” деп кыйкырып калышат. Жанымда кетип бара жаткандар бири-бирине шыбырап “Жанагы вайнер го” дешет. Бул нерсе албетте күлкүлүү жана жагымдуу. Эң башкысы мени таң калтыргандары мага телефон чалып “Слёзы текли и всё...” деп өчүрүп сала беришет. Мен бул нерсеге түшүнбөйм. Бир жаңылык болсо адамдардын ою дароо өзгөрүлүп кетээрин практикамдан көрдүм.

- Популярдуу видеоңдон кийин жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?

- Өзгөчө деле өзгөрүү болгон жок. Коомдук транспортко түшкөнүмдө айдоочу байкелер мени таанып, акча берсем албай койгон күндөр болду.

- “Инстаграмда” окурмандарыңдын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Вайнерлик менен каражат тапса болот бекен?

- Кыргызстанда “Инстаграм” анча актуалдуу эмес жана колдонуучулардын саны да аз. Ал эми Казакстанда колдонгондор көп. Алардын атайын баалары бар. Бизде болсо алардын бааларынан 3-4 эсе аз.

- Жүрөгүңдүн ээси барбы?

- Азырынча жок. Бирок, жакшы кызга жолуксам үйлөнүү тууралуу ойлор бар.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости