www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Костанай облусунда дагы үч айыл куш тумоо оорусунан улам карантинге жабылмай болду.

Облустук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Самат Калиев куш фабрикасына жакын жайгашкан Фурманов жана Целинное айылдарынын жеке чарбасында оору байкалганын белгиледи. Куштардан анализ алынган. Бирок алынган анализдин жыйынтыгы чыга элек.

Белгилей кетсек, куш тумоонун очогу Родина айылындагы «Агроинтерптица» аттуу куш фабрикасы болгон. Фабриканын айланасына тосмолор коюлду.

Жакынкы арада Карабалык районундагы Михайловка айылы да карантинге жабылат. Айылда жүздөн ашык куш өлгөндүктөн, айыл бетон плиталары менен курчалат.

Эске сала кетсек, мурунку жумада карантинге Сары-Көл районундагы Маяк айылы, Узун-Көл районундагы Сокол, Красная Пресня айылдары жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости