www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда  энелер жөлөкпул маселесин чечип берүүнү талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу казак маалымат булактары билдирди. Маалыматка караганда  кече, 13-январь күнү  Казакстандын борбор шаары Нур- Султанда ондогон энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар балдардын санына карабай, ар бир балага ай сайын 21 миң тенге жөлөкпул төлөнүшүн талап кылышты. 50дөй эне алгач мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну көздөп, президенттик резиденицияга кирүүгө аракет кылды. Бирок, алардын жолун полиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү тороп өткөрбөй коюшту.

Эске салсак, 2019- жылдын соңунда социалык камсыздоо жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, төрт же андан көп балалуулар тапкан кирешесине карабай жөлөкпул ала алат. Бул учурда ар бир балага орто эсеп менен 11 миң тенге төлөп берүү каралган. Ал эми,  тапкан кирешеси бир айга керектелчү каражаттан аз болгон үй-бүлөлөр даректүү социалдык төлөм үчүн кайрыла алышат. Коңшу мамлекетте жөлөкпулду көбөйтүү тууралуу талап бир жылдан бери айтылып келет.

Казактстанда азыркы ар бир балага берилип жаткан акча, сом менен которгондо 2000 миң сом болот. Аа алардын кйогон талабы 3818 сом болуп жатат.

Ал эми,  Кыргызстанда жөлөкпулдун орточо суммасы 875 сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости