www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүүгө арналган жыйында көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43%га чейин жетерин билдирди.

“Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43% чейин жетет. Эгерде салык төлөмдөрүн чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу тармагын реформалоо калктын социалдык аяр катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек”, - деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын сөзүнө караганда, Кыргызстанда фискалдаштыруу системасын киргизүү жаатында былтыр бир катар татаал милдеттер аткарылды. Премьер-министр ишкерликти колдоо жана Мамлекеттик салык кызматына элдин ишенимин арттыруу үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарыл деп эсептейт.

Кыргызстанда салык жана бажы тармактарындагы ыраатсыздыктан улам коррупция күчөп, ишкер чөйрө көмүскөгө кетүүгө аргасыз экенин эксперттер да айтып келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости