www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мальта футбол чемпионатынын «Оратой Юс» жана «Саннат Лайонс» командаларынын оюнунун экинчи бөлүмү оюнчулардын бири калыска кол салгандыктан оюн аягына чыкпай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.
Матчтын аягында “Ораттар”-“Санаттар” 1:0 эсеби менен болуп жаткан. “Саннаттын” футболчусу Антуана Камиллери экинчи сары карточка алгандан кийин оюндан чыгарылган. Оюнчу арбитрдин бул чечимине макул болбой аны урганга аракет кылган. Антуанага каршылаш команданын оюнчулары калысты чабууга жол бербей, калысты талаанын четине жиберишкен.
Футболчу тынчтанбай, кийим алмаштыруучу жайга баратканда калыстын бетине согуп жиберген. Андан кийин аны полиция кызматкерлери коштоп кетишкен.
Ошентип, матч аягына чыкпай калса, Антуана кишен менен оюн талаасынан чыгарылып кеткен.
Мальтанын Футбол ассоциациасы бул окуяга кайдыгер карабай, Антуана Камиллерини узак убакытка оюндан четтетүүнү көздөшүүдө. Эми эреже бузган оюнчу сот алдында жооп берет.
Эскерте кетсек, мындай окуя былтыркы жылы жергиликтүү калыска “Оратой Юс” жана “Калой Сайнтс” матчында да кол салышкан.
Булак:NazarNews.kg