www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын билим берүү жана илим боюнча вице-премьер-министри Шолпан Каринова канча айлык аларын жарыялады.
Жергиликтүү Tengrinews басылмасына берген маегинде ал “Биздин айлык системасында мамлекеттик кызматтын стажына карайт. Мен бүгүнкү күнү 600 000 теңге (1543$) айлык акы алам”, -деп эмгек акысын ачыктаган. Эми анысын кыргыз сомуна чаксак, сумма 106 миң 467 сомду түзөт экен.
А биздечи? Чиновниктерибиз канча айлыкка иштешет?
Ушул жылдын жай айларында жарыяланган айрым кыргыз интернет-басылмалардын тараткан маалыматтарына карасак, (алымча-кошумчалары менен) накталай колуна тийе турганы – Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев — 49 345 сом, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов — 47 265 сом, вице-премьерлер Жеңиш Разаков — 50 326 сом, Алтынай Өмүрбекова — 40 000 сом, ал эми Замирбек Аскаров — 43 000 сом айлык акча алышары белгилүү болгон. Булак: NazarNews.kg