www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ибраимов менен Кулматовго “Кыргыз эл Баатырларын” берип, бийлик төөдөй балээден кутулду. Кыргыз элинин тарыхында көзү өтүп кеткендерден баатырлар көп эле болгон. Ал эми көзү тирүү кимдир бирөөгө “Баатырлыкты” берип коюшса, Атамбаев сыяктуу артынан көп кеп болот.

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда белгилүү болду. Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди:“Албек Сабырбекович Ибраимов жана Кубанычбек Кеңешович Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун алар сотто актангысы келбегени, ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүштү. «Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек керек» деп жатышат”.

Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. 2018-жылы кармалган экс-мэрлердин кылмыш иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости