www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабековдун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, майрамдык салтанатта Кыргыз Республикасынын перезидентинин, Жогорку Кеңешинин жана өкмөттүн сыйлыктары маданият тармагында көп жылдан бери өзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге тапшырылды.
Майрамдык салтанаттын алдында Кыргыз Республикасынын маданиятынын өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон Кыргыз Эл артистери кызыл килемден өтүп, майрамдык салтанат бардык багытты камтыган өзгөчө форматта өттү.
Эске салсак, маданият кызматкерлеринин күнү Кыргызстанда 24чү ирет белгиленип жатат. Алгач 1995-жылы салттанаттуу белгиленип, маданият кызматкерлеринин башын бириктирген.
Майрамдык кечеде театр, цирк, опера, улуттук салттуу музыка жана башка искусствонун бардык тармактарын камтыган жаш таланттар тарабынан даярдалган гала концерт тартууланды.
Булак: NazarNews.kg