www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Башкы прокуратуранын айыбын саясий буйрутма, басым катары кабыл алабыз», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-чекист Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Кеңешбек агай, июнь окуясы боюнча сизге да айып угузулуптур. Айыптуубуз деп отуруп каласыңарбы же өз чындыгыңарды далилдейсиңерби?

- 2010-жылы июнь айында болгон улуттар аралык жаңжал боюнча бүгүн, 20-майда, мага, ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаковго, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго күнөөлүсүңөр деген таризде Башкы прокуратура тарабынан айып угузулуп, баш коргоо чарасы, туруктуу жашаган жеринен кетпөө жөнүндө кабыл алынды.

Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө айып угузулабы, чара көрүлөбү, менин маалыматым жок. Биз бул нерсени саясий буйрутма, басым катары кабыл алабыз. Анткени, ал окуялардын болгонуна 12 жыл өттү. 

Эл аралык, мамлекеттик, депутаттык комиссиялар иштеп, корутундулары чыгып, тиешелүү чаралар көрүлүп, кылмыш иштери козголуп, соттун чечимдери чыккан.

Эски жараны козгоп, ага туз себүү азыркы бийликтеги кызыкдар саясий күчтөрдүн, 2010-жылы кубаланган, азыр толугу менен акталып, тазаланып жаткан канкор режимдин өкүлдөрүнүн буйрутмасы экенине көзүбүз жетип эле турат. 

Азыркы абдан оор экономикалык, коомдук, эл аралык саясий жагдайларда, чек ара маселелери чыңалып жатканда, элди ынтымакка, биримдикке алып келүүнүн ордуна, оркойуп, кыйнап турган көйгөйлөрдү чечүүнүн, өздөрүнүн кетирген каталарын оңдоонун ордуна, ичибизден душман издегендери, стратегиялык көз караштын, алдын ала көрө албагандыктын, жасап жаткан кыймыл аракеттери эмнеге алып келээрин билбегендиктин белгилери деп баалайм.

Биздин күрөш жаңы гана башталып жатат. Биз өзүбүздүн чындыкты далилдейбиз, акырына чейин күрөшөбүз!

Белгилей кетсек, 20-майда Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду.

Анын негизинде, Кеңешбек Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости