www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл өкмөт Чолпонкул Алишовдун ордуна кимдин көзү кызарды?

Ппрезидент аймактарга көңүл буруу зарылдыгын айткандан бери айрымдар аша чаап, мыкты иштеген айыл өкмөттөрүнө чабуул башталып,кээ бир адамдарды  кызматтан алып салышкан.Кызмат дегенде көзү кызарган айрым кыкеңдер жакынын Ак үйгө шоопур болуп келсе дагы белдүү кызматка тартып, жок дегенде базарда "тачки" тарткан тыңыраагы аттуу-баштууларга кеңешчи болуп келгендери деле жок эмес. 

Алсак, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун Ленинчил жаш колхозунун айыл өкмөтү Чолпонкул Алишов өз ишинин мыкты адиси. Жогорку билимдүү. Жергиликтүү калктын мактоосуна арзыган айыл өкмөттөрдүн бири. Ал тургай жакында эле мамлекеттик төш белгинин ээси болгон. Тилекке каршы, жакында эле эч кандай себепсиз жана эскертүүсүз кызматтан алынган. Тийиштүү бийлик өкүлдөрү жогорку билдирүүгө көңүл буруп койсо деген ой.

Эске сала кетсек кызматынан себепсиз кеткен Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонкул Алишовдун 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү абалына кошкон салымы чоң.

2021-жылдын ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калктын турмуш-шартын жакшыртуу максатында башында айылдарда, ар бир жамаатта элдик жыйындар өткөрүлүп, айылдык жыл кеңеш менен бирдикте учурдагы эң көйгөйлүү маселелер аныкталып, аларды чечүү жолдору пландаштырылып, айыл өкмөтү тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылган. 

Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы "Токбай-Талаа" орто мектеби улуштук дем беруучу грант тарабынан 3млн 583мин сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

-Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы ички арыктарга 14 даана суу өтмөк трубалар коюлуп, санарип аймак боюнча 2021-жылдын жыйынтыгы менен 528 кожолук, 2849 адам санарип аймакка катталып жалпы 55% түзгөн.

Элинин алкышына татыган, эч себепсиз кызматтан кеткен Чолпонкул Алишовдун абалын бийлик сурап койсо жакшы болот беле?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости