www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кегети капчыгайында жайыттарды авто жана мототранспорттун терс таасиринен коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, жайыт аймагында төрт квадроцикл жана автоунаалар менен жүргөн жарандар аныкталды. Аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, эскертүүлөр жасалды.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы №330 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу жана жайыттарды авто жана мототранспорттун терс таасиринен коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Последние новости