www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын полковниги Эрмек Эркебаев 62 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Эрмек Мойдунович 1964-жылдын 21-ноябрында Ош облусунун Совет районунун Кара-Кулжа айылында туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Ал эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн прокуратура органдарына арнап, 1998-жылдан тартып райондук, облустук прокуратураларда жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган.
Кызматтык ишмердигинде прокурордун жардамчысынан тартып жетекчилик кызматтарга чейин жетип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, жарандардын укуктарын коргоого олуттуу салым кошкон.
Эрмек Эркебаев кесиптик ишинде жогорку жоопкерчилиги, принципиалдуулугу, кесипкөйлүгү жана ишке берилгендиги менен айырмаланып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгон.
Көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, «Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» I жана II даражадагы төш белгилери, прокуратура органдарынын юбилейлик медалдары жана «Прокуратуранын ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.