www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши: Камактагылар ачкачылык жарыялады

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активистер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылуу жолдошту. Алардын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда «Кемпир — Абадчыларга болуп жаткан моралдык — психологиялык басым токтотулсун», «Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун» деген талаптар менен 19-майдан баштап, саясий ачкачылык жарыялай тургандыктары жазылган.

«Кемпир-Абадчылардын мыйзамсыз камакта олтурганына 7 айдын жүзү болду. 2022-жылдын декабрь айында бардык Кемпир-Абадчыларды мурдагы абак бөлмөлөрүнөн башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15 майда Равшан Жээнбековду, 17 майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулуну 18-майда 3 күнгө штраф бөлмөсүнө камашты. Биз бул аракеттерди өз оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз»,-деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости