www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы курултай өтүп, экс-президент Атамбаевдин мамлекет башчысы болуп тургандагы ишине баа берилген. Анда 19 бөлүктөн турган чечим кабыл алынып, иши канааттандырарлык эмес, элдик революциянын максаттарына каршы келет деп табылган. Бул тууралуу коомдук ишмер, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеӊешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

«Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга кеӊири жол берилди. Андай жосундарын ашкерелеген саясий жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, алардын жакындары куугунтукка алынып, көптөгөн адамдар негизсиз эле камакка алынган. Азыркы учурда кыргыз коомчулугунда түзүлгөн анчалык жакшы эмес жагдай мына ошол кезде жүргүзүлгөн туура эмес иштердин кесепети болуп саналат. Ошондон улам, Атамбаев элдин бийликке карата ишенимине орду толгус доо кетирди», - деди ал.

Ал эми коомдук ишмер, энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Атамбаев баш болгон аткаминерлердин Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жаатында жасаган кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарды. «Эӊ башкысы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо долбоору, анын техникалык-экономикалык негиздемеси жасалбай туруп эле куруу иштери башталган. Кытай компаниясы өз билгенин кылып, моралдык жактан эбак эскирген технологиялык жабуулар орнотулган. Кыргыз тарап анын ишине көзөмөл кылган жок. Ошондон улам, Бишкек ЖЭБ эски жана жаӊы болуп экиге бөлүнүп калды. Анын кесепети ири аварияга алып келди», - деди ал.

Эксперт андан ары Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо ишиндеги коррупциялык жосундарга токтолуп, ал Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калганын белгиледи. «Казакстандын шабыркөл көмүрүнүн тоннасы жол чыгымдары менен кошо 36 доллардын тегерегинде турат. Бирок, ал Бишкек ЖЭБине 56 доллардан алынып келинген. Ортодогу айырма – 18-20 доллар. Анын пайдасын казакстандык ишкер Машкевич баштаган бир топ шылуудар менен Атамбаев көрдү. Алтургай, эл оозунда алар акысы үчүн Атамбаевге үй салып бергени тууралуу тууралуу аӊыз кептер да айтылып жүрөт», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости