www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыргызча улуттук ырларды ырдап элге анча-мынча таанылган, анан эле өз сахнасында “суу чачышып ойночу элек кечинде, кечинде” деп ырдап чыгып, имиджине чоң бурулуш жасаган Кайрат Кыргыз кайрадан имиджин өзгөрттү.

Ырчы Кайрат, өзүнүн социалдык баракчасына жаңы сүрөтүн жүктөдү. Кайрат Кыргыздын мындай жаңы имиджине ар кандай пикирлер айтылып талкууга алынды.

Белгилей кетсек аты аталган ырчы Кайрат Кыргыз өзүнүн аты-жөнү Кайрат Салмакеев.

Кайрат мырза:

-Мен ар ай сайын өзүмдүн имиджимди алмаштырганга аракет кыламын. Бул изденүү. Бирок чачты жөн эле күйөрмандардын көңүлүн көтөрүү иретинде Инстаграмдагы жеке баракчама киргизип койгонмун. Негизи чачымды башка эле түскө боёдум. Учурда чач менен эмес, атайын долбоорлор менен иштеп жатамын. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат, туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирге Жети-Өгүз районундук мамлекеттик администрациясы "Аймактарды өнүктүрүү" жылынын алкагында, Кыргыз эл артисти, актёр, Мукамбет Токтобаевдин жана Маданияттын мыкты кызматкери Элмира Кайып кызынын урматына арналган, 25 - июлдан,  30 - июлга чейин өтө турган, "Жети-Өгүздө Аймак ышкыбоздору - 2019" lV- Эл аралык сынак - фестивалына кызуу даярданып жатам.  Фестивалга эстрада, опера, джаз  жана фольклор жанрындагы искусство чеберлерин, элдик таланттарды, мыкты драм актерлорун,  бий ансамблдерди, чебер дизайнерлерди, кол өнөрчүлөр жана мыкты манасчылар катышат, деп билдирди Кайрат Салмакеев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости