www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кеңешбек мырза, президент Жээнбеков кечээ жакында катуу сүйлөдү. Былтыйбай кеткиле дегенге чейин барды. Эми анын сөзү таасир береби?

-Коопсуздук кеңешинде Жээнбеков, бир топ чоң жетекчилердин дарегине абдан катуу сын айтканына бардыгыбыз күбө болдук. Өзүңө жакында эле берген интервьюларымдын биринде президенттин командасы бар бирок, көп багыттарда ырааттуу иш алып бара албай жатат дедим эле. Буга толук негиз бар экендигине элдин, коомчулуктун маанайы, пикири, экономикадагы, саясаттагы, күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөр, жогорудагы президенттин сөзү толук далил. Сын жеген жетекчилер өздөрү тыянак жасап, кызматтарын өткөрүп беришпейт. Анткени, алар өзүнүн жумушуна сын көз караш менен карап, баа берүү дегенди билишпейт. Ал кызматтарга өзүнүн иш билгилиги, кесипкөйлүгү, адамдык жогору сапаттары менен эмес, тааныш-билиш, табакташ дос, куда-сөөк, бизнес өнөктөш принциптери менен тандалып барышкан. Ошондуктан Президент айткан сын пикирдин аларга тиешеси жоктой, былтыйып отура беришет. Коррупция менен күрөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жалгыз. Эл жана коом ага колдоо көрсөтпөсө, тыянагы оор болот.

- Февраль айында болчу Курултай ишин жыйынтыктайбы же мындан да күчтөнөбү?

- Эгемендүүлүктү алгандан бери абдан көп курултайлар өттү. Аларды коомдук бирикмелер, саясий уюмдар, жарандык коомдор жана башка күчтөр да уюштуруп жүрүштү. Бирок, биздин азыркы Элдик курултайдын аткаруу комитети жүргүзүп жаткан иш мурункулардан бир топ айырмаланат. Биринчиден, биз 2018-жылы Курултайды уюштуруп жатканда саясий уюмдарды, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана улутчул мекенчил багытта жүргөн күчтөрдү бириктире алдык. Экинчиден: Курултайда мамлекет, эл жана коом үчүн эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алып, жалпы колдоого алынууга жетиштик. Үчүнчүдөн, Элдик Курултай кабыл алган чечимдер КР Президентине, Жогорку Кеңешинде, Өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдарга жиберилип, анын көпчүлүк талаптары бүгүнкү күнгө карата аткарылды. Бул жөнүндө биз коомчулукка, элге дайыма маалыматтарды берип турдук. Төртүнчүдөн, Курултайдын аткаруу комитети өзүнүн ишин бекитилген иш пландын негизинде, системалуу түрдө алып барып жатат. Ошондуктан биздин 8-февралда өтө турган. Курултайыбыз кезектеги, пландаштырылган иш чара. Мындан ары ишибизди жигердүү улантаарыбызга эч кандай шек жок.

- Курултайдын шылтоосу менен Конституция референдум аркылуу өзгөрүүгө дуушар болуп, парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтөбү?

-Элдик Курултайдын эң башкы максаттарынын бири элдик, мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн баалуулуктарыбызга негизделген Конституцияны кабыл алуу. Ал үчүн сөзсүз конституциялык реформа, референдум керек. Элдин, коомдун маанайын сезбеген, талабын кабыл албаган парламент мөөнөтүнөн мурда тараса туура эле болот.

-Эл арасында "курултайчылардын соодасы бүттү. Бекназаров элчи болду, Дүйшөбаев "Кыргызстан" партиясына тең төрага болду" деген пикирлер айтыла баштады. Буга не дейсиз?

-Курултай-атамзамандан бери келе жаткан улуттук баалуулук, элдик башкаруунун эң демократиялык үлгүсү. Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында орустардын империялык, коммунистердин советтик, батыштын демократиялык башкаруу системаларын башынан өткөрүп, азыркы күндө башынан азап кетпей келе жатат. Кыргыздын тарыхый мурасын, баалуулуктарын, ынтымак, биримдик, акыйкаттык, бирин-бири сактоо принциптерин калыбына келтирмейин келечегибиз күмөн. Курултайдын соодасы бүттү дегендер-маңкурттар, саясий соодагер-сойкулар. Ата бабабыздан калган баалуулук кыргызды сактап калат, ага эч кандай душмандардын алы келбейт. Мен “Кыргызстан” партиясында теңтөрага эмесмин. "Кыргызстан" партиясынын төрагасы, лидер бир эле - Канат Исаев. Ал жаш болсо да өзүнүн туруктуулугу, принципиалдуу көз караштары, бекем позициялары менен элде, коомдо аброй күтүп, келечектүү саясатчылардын бири болду. Мен партиянын саясий кеңешиндеги 27 адамдын бирөөсүмүн. Партиянын чоң максаттарды койгон реалдуу жакшы программасы бар. Келечекте мамлекетке, элге кызмат кылган татыктуу күч болооруна терең ишенем.

-Кой-Таш окуясы боюнча көз карандысыз комиссия көз карандысыз чечим чыгарганга күчү жетеби же мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгына окшош корутунду чыгарып, аларды кубаттоого аргасыз болобу?

-Кой-Таш окуяларын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын курамына көрүнүктүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, эксперттер киришкен. Алардын корутундусу жарыялангыча күтө туралы, бааны ошондон кийин берели. Биздин максат уу-дуу кылып, чуу көтөрүү эмес, акыйкаттыкты, калыстыкты табуу. Коомчулук туура кабыл алаарына мен ишенем.

Булак:"Ачык саясат плюс"

Последние новости