www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус 2019-nCoV оорусу ар бир өлкөгө жайылышы мүмкүн деп Бүткүл саламаттыкты сактоо уюму эскертет. БСУнун Өзгөчө кырдаалдар комитети оорунун жайылышын эл аралык  өзгөчө кырдаал деп атады.

Буга ылайык, БСУ ар бир мамлекет коронавирус оорусунун пайда болуусуна даяр туруш керектигин жана аталган оору менен ооруган бейтаптарды тезинен обочолонтуу зарыл экенин маалымдады.  

Мындан сырткары, бейтап башкаларга жуктуруп алган жокбу, ошону көзөмөлгө алыш керек жана  вирустун андан ары тарап кетпеши үчүн алдын ала чараларды колдонуш керек.  

БСУ аталган оору чыккан  Кытай Эл Республикасына өзгөчө басым жасады. Пекин оорунун пайда болушу тууралуу, вирус оорусунун булагын анытоо үчүн аракеттерди жогорулатуу, көзөмөлдү жана өлкө боюнча ооругандарды издөөнү күчөтүү керек. Ал эми БСУ өз тарабынан коронавирус оорусу менен күрөшүүдө мүмкүн болгон колдоону көрсөтүүгө убада берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус оорусунан 213 адам каза болуп, ооругандардын саны 10 миңге жакындады. Аталган оору 18 мамлкеткетке тарады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости