www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды.

Президент мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана сатуу системасын автоматташтыруу боюнча иштер жасалганы белгиленди. Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

Жылдызбек Исакулов ММБФ бардык акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды электрондук отчеттуулукка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу ММБФнын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн бардык тармактарда «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү милдети актуалдуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости