www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мен Талас облусунун, Кара-Буура районуна караштуу Грозный айылында туулгам, азыр Аманбаев айылы деп аталып калган. Өзүм 10 бир туугандын эң кичүүсү болом. Ошондуктан, атымды Кенжебек деп коюшкан. Балалыгым туулуп өскөн айылым менин жашоом байланыштуу, андыктан айылымды дайым эстейм, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Факты.kg" гезитине берген маегинде.

Жыл өткөн сайын өзүбүз менен кошо айылыбыз дагы өзгөрөт экен. Анан албетте айылым жөнүндө сөз болгондо апамды эстейм. Жогоруда айткандай мен көп бир тууганмын, 4-класста окуп жүргөндө атам кайтыш болуп, апамдын колунда өсүп калгам, апама жакын болчумун. Атамды көп эстей албай калдым. Мен төрөлгөндө атам 63тө, апам 46 жашта болгон. Ата-энебиз баарыбызды элден кем кылбай багып өстүрүштү. 1975-жылы мектептин босогосун аттап, 1985-жылы жакшы деген баалар менен бүткөм.

Мен мектепте жакшы окугам, бир жолу 30 баланын ичинен мугалим мени мактап апамдын колун кармаган, ошону айтып апам мени менен сыймыктанаарын байма-бай айтып калчу. Бул апамдын сөзү мени да шыктандырып турат эле. Апамдын мага берген тарбиясы зор, азыр эстесем апам мени билим алсын деп көптөгөн түйшүк тартыптыр. Ата-энем өздөрү мектептен билим алышкан эмес, ошентсе да бизге татыктуу тарбия беришти. 5-6-класста эле мен өз алдымча тирилик кылып калгам, 8-классымда 12 күнгө Москва шаарына бүткүл Союздук Комсомол активистеринин чогулушуна баргам.

Ошондо эле Москва мага жагып калып ошол жакта окуйм деп чечип койгом. Апам эч качан менин каалоолорума жана тандоомо каршы чыкпачы. Мен деле көңүлүн оорута турган сөз айтчу эмесмин. Ошол эле жылы өз күчүм менен Москва шаарындагы К.И. Скрябин атындагы ветеренардык академияга окууга өттүм. Москвада окуп жүрүп 1985-1987-жылдар аралыгында армияга кызмат өтөгөнү Афганистанда болгом.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости