www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согуштук опперацияларда террорчулар менен байланышы бар деген негизде, 65 жаштагы Расми Авад кармалды.
Бул тууралуу кече, 5-ноябрда Түркия президентинин басма сөз катчысы Фахреттин Алтун Твиттерге жазды. Анда айтылгандай Авад, өлтүрүлгөн башкы террорчу Багдадинин бир тууган карындашы.
Маалыматта айтылгандай, Түркия көзөмөлдөгөн Сириянын түндүк аймагындагы Алеппонун Азаз шаарына жакын жерде, Авад трейлерде (дөңгөлөктүү үй) жашаган. Кармоо операциясы учурунда ал аял күйөсү, келини жана беш баласы менен үйүндө болгон.
Түрк өкмөтүнө таандык, Associated Press маалымат булагы ИМИЛ башчысынын бир тууганынын кармалышын “алтын жип”, - деп атады. Ошол эле учурда терроризм менен күрөшүү боюнча Хадсон Институтунун эксперти Майк Прегенттин Би-би-сиге, “Авад ИМИЛ мүчөлөрүнүн коопсуз көчүп жүрүүчү маршрутун билиши мүмкүн. Бирок андан көп нерсени эмес”,-деп айтты.
Белгилей кетсек, Абу Бакр аль-Багдади “Ислам мамлекети” террордук тобун 2010-жылдан тарта жетектеген. Бул топ, 2013-жылы “Исламдык мамлекет Ирак жана Леванта”, -деп аталып, кыскача ИМИЛ болуп таанылган. Мына ошол жылдан тарта Сириянын аймагын күч менен басып ала баштаган.
Ошентип Аль-Багдади 2019-жылдын 26-октябрындагы америкалык аскердин жүргүзгөн операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, башкы террорчу жер алдындагы туннелге камалып калып, колго тирүү түшпөстүн аракетинде аргасыз өзүн-өзү жардырганы айтылууда. Аны менен чогуу эки уулу жана биринчи кол башчысы дагы каза болгон. Багдадинин денесинин калдыктары деңизге көмүлгөн.
Булак: NazarNews.kg