www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Тимур Жусуповго карата айыптоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Соттолуучу Джусуповго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, байкабастыктан оор залал келтирүү” беренеси боюнча бир миллион сом айып төлөөгө өкүм чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин бул иш боюнча башка айыпталуучулар: Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңиш менен башкармалыктын мурдагы мүчөсү Нурланбек Сагындыковго да ушундай эле өлчөмдө айып салынган.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)”,”Алдамчылык” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан соң тергөөчүлөр банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Максат Дадыбаевди, борбордогу филиалдын директорун, банктын дагы эки кызматкерин, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери Б.М. жана А.М. ны кармашкан. Алар Кыргызстандан 32 миллион доллардан ашык акчаны чыгарып кетишкен.

Кийинчерээк “Керемет банктын” иши боюнча беш айыпталуучунун экөө эки миллион сом төлөп бергени белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости