www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамеки тарткандарга 11 млн сом айып пул салынды

Жыл башынан бери милиция кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда тамеки тарткан адамдарга карата 11 миң 118 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тамеки тарткан жарандарга 11 миллион 118 миң сом айып салынган.

"Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы тамеки тартуунун зыяндуулугу жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 3700 ар түрдүү брошюралар, буклеттер даярдалды. Тамеки тартуунун адам организмине тийгизген терс таасири боюнча лекциялар, сергек жашоо образы боюнча актуалдуу темалар боюнча сүйлөшүүлөр болууда. Жыл башынан бери Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөргө мыйзамсыз тамеки сатуу фактылары боюнча 28 протокол түзүлүп, дүкөндөргө 42 миң сом айып салынган", - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости