www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык ханзаада Гарри дүйшөмбү күнү кечинде Улуу Британиядан чыгып кетип, жубайы Меган Маркл  менен баласы Арчинин аркасынан Канадага учуп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ханзаада Гарри Лондондо өткөн британ-африкалык инвестициялык саммитине катышып, Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен жолуккандан кийин Канадага кете турган кечки рейске отурган.

Белгилей кетсек, Буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну, финансы жактан көз карадысыз болууну жана Канада менен Улуу Британияда жашай тургандыгын кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.

18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.

Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Эске салсак, Британиялык ханзаада Гарри падышалык наамынан ажыратылганына өкүнүп жатканын кайрымдуулук иш-чарада сүйлөп жатып билдирген.

“Мен ушул үчүн абдан жаман болуп жатам. Биз мамлекеттик каржылоосу жок эле ханышага, өлкөгө жана аскердик бирикмелерге кызмат кылууну улантабыз деген үмүтүбүз бар болчу. Тилекке каршы бул мүмкүн эмес”,- деп ханзаада Гарри падышалык үй-бүлөсү менен чечилген акыркы келишимдер тууралуу айткан.

Меган Маркл ханзаада Гарринин билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиядан чыгып кетип, сегиз айлык баласы Арчи менен өзүнүн үй-бүлөсүнө Канадага учуп кеткен.

Кыска убакыттын ичинде ханзаадага сыймыктуу жана ардактуу аскердик наамдарынан баш тартууга туура келет. Анын ичинде 2017-жылы чоң атасы герцог Эдинбург Филип өткөрүп берген Падышалык деңиз пехотасынын капитан-генерал наамы да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости