www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамекенчилер аман эле болушсун

Быйыл 2020-жылы парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бирок, туура шайлоонун алдында карт тарыхы бар партиялар ичтен чыккан ийри жыландардын күчү менен колу менен чөктүрүлүп, ичинен бөлүнүп жарылып жатат. Алсак атактуу атамекенчилер жылан чакпай, жылкы теппей дейин десең экс-лидер менен эмки лидери "тебишип" Алманбет Шыкмаматов баштаган бир катар мүчөлөрү партиядан чыгып кетишти.

Көп өтпөй эле Мамашеваны лидер кылып алышты. Дал ушул маселе боюнча конституциянын атасы делген Текебаевге кайрылышканда, Өмүрбек Чиркешович кызаңдап, журналистке "тилиңди жутуп алдыңбы, айт" дегенге чейин барды. Дагы бир мүчөсү, экс-депутат Равшан Жээнбеков камалып жатканда биригишип бир ооз сөз айтышканга жараган жок.

Дагы бир мүчөсү Ширин Айтматова "Үмүт - 2020" деген кыймылы менен коррупцияга каршы, анын ичинен Райымга каршы чыгып жатса, дагы бир мүчөсү, юрист Канатбек Азис коррупцияга шектүү делген Райымдын жактоочусу болуп алыптыр. Кыскасы шайлоонун алдында ата-мекенчилер чилдей тарап, Текебаев өзү айтмакчы партия лидерлеринин эшиктерин сагалап калышабы? Садага чабылышабы?

Булак: “Факты.kg”

Последние новости