www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиеев Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турганын билдирди. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиеев Олий мажлиси жыйынында ЕАЭБ (ЕАЭС) тууралуу пикирин билдирген.

"Биздин көпчүлүк жарандарыбыз чет өлкөлөрдө, Казакстанда, Орусияда иштешет. Биз бул абалга кайдыгер боло албайбыз. Эч ким эч качан бирөөгө көз карандысыздыкты бербейт. Көз карандысыздык эл ишенген президенттин колунда. Биз аталган бирикменин мүчөсү боло албайбыз", - деп билдирген  өзбек президенти.

Мындан тышкары, Өзбекстан ЕАЭБ (ЕАЭС)ге  көрүүчү катары бирикменин кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар экенин байкаарын,  Владимир Владимирович менен Санкт-Петербургда көп нерсеге  макулдашкандыгын,  

Өкмөттөгүлөр, кандай чечим кабыл алса дагы,   улуттук кызыкчылыгын эске ала тургандыгын билдирген.

 Эске салсак, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу ниетин 2014-жылы билдирип, 2015-жылдын 12-августунда мүчө болуп кирген. Уюмда Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости