www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо квоталарды киргизүү боюнча жаңы сунуш киргизди.

Документте белгиленгендей учурда саясий кызматтарда эркетердин саны аялдардын санынан жети эсеге, атайын кызматта 1,6 эсеге көптүк кылат. Андан сырткары, муниципалдык кызматтагы саясий орундарда дагы тең салмактуулук сакталган эмес. Айтсак, 513 кызматтын 20сын гана аялдар ээлейт. Ал 3,8 пайызга барабар.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги премьер-министр Жогорку Кеңешке өкмөттүн программасы, структурасы жана өкмөт мүчөлөрүн сунуштаганда бир жыныстуу өкүлдөрдүн саны 70 пайыздан ашпашы керек деген корманы киргизүүдө. Бул гендердик тең салмактуулукту камсыз кылуунун Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ал 2018-жылы бекитилген. Учурда өкмөттүн структурасында 3-4 гана аял жогорку саясий кызматта эмгектенет. Алар Алтынай Өмүрбекова, Бактыгүл Жээнбаева, Динара Молдошева жана Элнура Боронбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости