www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги аскерлер жайгашкан жердин сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокерди кармады.

Мекеменин билдиришинче, орус тарап ал видеодогу маалыматты колдонуп, 20-мартка караган түнү украин күчтөрү жайгашкан соода борборго ракеталык сокку урган. Анын жыйынтыгында сегиз киши өлүп, "Ретровилль" соода борборунун бир нече кабатында өрт чыгып, жакын жердеги автоунаалар күйүп кеткен.

"Маалыматты ал душманга жардам берүү үчүн атайылап жарыялаганбы же жокпу, тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Бардык жарандардан өтүнөбүз, аскер техникасы жана аскердик объектилер тууралуу маалыматтарды жарыялабагыла. Душмандар аларды сокку жасоо үчүн пайдаланышы мүмкүн", - деп жазылган Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги соода борборго жасалган ракеталык соккулардан улам украин армиясына таандык курал-жарак кампасы жана дароо бир нече ракета коё берүүгө жөндөмдүү реактивдик система жок кылынганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости