www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары 2020-жылдын 4-февралынан тарта декларация толтурбастан сыртка 100 миң долларга чейин чыгарып кете алышат.

Бул туурасында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүндө айтылат. Анда белгиленгендей, чечимди былтыр 2019-жылдын август айында, Евразия экономикалык комиссиясы кабыл алган.

Белгилей кетсек, буга чейин ЕАЭБ аймагынан, декларация толтурбай туруп 10 миң доллардан ашык эмес акчаны сыртка чыгарууга мүмкүн эле. Андан ашкан сумма үчүн акчанын булагы жана анын кандай максатта чыгарылып жаткандыгын көрсөтүү зарыл болучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости