www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулат

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы эстеликти даярдоо үчүн тендер жарыялады. Ага 3,5 миллион сом сарпталат.

Эстелик колодон жасалышы керек. Металлдын калыңдыгы 1 сантиметрден кем болбошу шарт. Баанын ичине аныкталган жерге чейин барып келүү чыгымдары, ташуу, баардык салык төлөмдөрү жана башка чыгымдар кирет.

Эске сала кетсек, Советтер Союзунун Баатырынын ысымын эс алуу жайларынын бирине берүү пландалууда.

    
Булак:NazarNews.kg

Последние новости