www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кинотеатрда тасма көрүү машыгуу залына баргандай эле ден соолукка оң таасир берет. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

Маалыматка караганда, муну аныктоо үчүн илимпоздор 2019-жылы жарыкка чыккан Aladdin тасмасын көрүүгө келген 51 кишиге иликтөө жүргүзүп, алардын жүрөгүнүн согуусун сенсордук аппарат аркылуу карап турган.

Натыйжада 45 мүнөт тасма көргөн адамдын жүрөгү машыгуу залында жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасаган же бир нече чакырымды жөө  баскандай  эле тездикте иштегенин аныкташкан.

"Чоң экран, тасмага чын көңүлөн берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө таасир этет", — деп  айтылат маалыматта.

Буга кошумча, адам фильмдин сюжетин эстеп калууга аракет кылып, мээнин иштөөсү жакшырат жана  эс тутуму жогорулайт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости