www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран бийлигине каршы нааразычылык акциялары Тегеранда кайра күч алды. Анда көчөгө чыккан эл Ирандын рухиний лидери Аятолла Хаменеинин жана армиянын жетекчилигин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Буга Иран бийлиги 8-январда украиналык учакты атып түшүргөндүгү себеп болгон. Бул маалыматты уккан иран эли ошол замат митингге чыга башташкан. Чогулган эл “Диктаторго өлүм”, “Жалганчыларга өлүм”, - деп үн коштоодо. Нааразычылыкка чыккандардын басымдуу бөлүгү студенттер. Андыктан, демонстранттардын басымдуу бөлүгү Тегерандын Амир Кабир университетинин алдына чогулушкан. Аларды окуу жайдын аймагынан чыгарып, элди таркатууга полиция кызматкерлери көздөн жаш чыгаруучу жабдыктарды жана желим окторду колдонууда. Кечээ, 13-январда митингчилерди кайра таркатуу боюнча аракеттер көрүлгөн, бирок азырынча андан оң натыйжа чыга элек.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости