www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн жаңыланган коомдук кабылдама иштей баштады.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы кабылдамада жарандар министрликтин жетекчилиги менен түз жолугуп, көйгөйлөрүн, сунуштарын жана сын-пикирлерин билдире алышат.
Кабылдаманын негизги максаты — жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана мүмкүн болгон маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүү.
Ошондой эле кабылдамада жайгаштырылган QR-код аркылуу жарандар министрге түз кайрылып, коррупциянын алдын алуу боюнча маалымат, сунуш же сын-пикирлерин жөнөтө алышат.