www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сагынбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын “Азаттыка” билдирди.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мындай сунуштар Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жер-жерлердеги баштапкы уюмдун мүчөлөрүнөн келүүдө.

«Төңкөрүш кылабыз» деп киши өлтүрүүгө аракет кылып, Кой-Таштааскерлерди барымтага алып жатышса анын арасында КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жүрөт. Биз «ушул туурабы же туура эмеспи?» деп баштапкы уюмдарда талкуу жүргүзүп жатабыз. Ошондон улам алардынмандатын чакыртып алуу сунушталды. Бирок мыйзамда депутаттарды артка чакыртып алуу жок болгондуктан, партиядан жана фракциядан чыгарылсындеп жатабыз», - деди Абдрахманов.

Профессор Алмазбек Акматалиев жогорудагы көрүнүштү төмөнкүчө билдирди:

"Бул партиянын ички маселелери. Мени бул маселе такыр кызыктырбайт! Кимиси СДПК экенин өздөрү деле билбей калды көрүнөт, акыры сотко барганга мажбур болушат го", - деди Алмазбек Акматалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости