www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында кишенделген абалда жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Назира Жакыпова билдирди.
Адистин айтымында, окуя шейшемби күнү болгон.
Колу кишенделген 16 жаштагы окуучу кыз жардам сурап үйдөн көчөгө качып чыккан.
Милиция териштиргенде ал 9-класстын окуучусу экени, ата-энеси ажырашып жаткандыктан атасына баруусуна тыюу салган апасы кыздын колун тушап, үйдөгү жылуулук батареясына байлап койгону аныкталган.
Кызга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүлдү,- деп жазат Азаттык.
Окуянын чоо-жайын ички иштер органдары иликтеп жатышат.
Булак: NazarNews.kg