www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зиядин Жамалдинов Айыл чарба жана мелиорация министрлигине бардыгына бирдей шарт түзүп, тегиз мамиле жасоо керектигин айтты. Мындай талабы менен ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Зиядин Жамалдинов аталган министрликтен суу жагын колго алып, жөнөкөй дыйканына кандай мамиле кылынса, ГЭСтерге дагы ошондой мамиле зарыл экендигин баса белгиледи. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен баардыгына текши мамиле кылуу керектиги мезгил талабы.
- Силер чакан ГЭСтерге сууга салык төлөбөөсүнө макулсуздарбы? - деди.
Депутат айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Жаныбек Керималиевге кайрылды. - Ал эми ЖЭБ сууга салык төлөйбү? - деди эл өкүлү.
Буга Керималиев чакан ГЭСтер сууга акча төлөбөйт деп жар салды.
- Мындан ары ЖЭБ да, жөнөкөй дыйкан жана фермерлер да сууга төлөйт, себеби алар мындан акча таап жатышат - деди депутат Зиядин Жамалдинов.
Эске салсак, учурда ЖКда Суу боюнча мыйзам каралып жатат.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg