www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кенеште суу маселеси каралап жатат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргыз мамлекети суунун башында турса да сууну үнөмдөө жолу каралып жатканын айтты.

"Биз суунун башында турсак да сууну үнөмдөп жатабыз. Ошол себептен тамчылатып сугарууну киргизүүдөбүз. Бул жаңы инновация болуп эсептелет. Ошондой эле Германиянын жаадырып сугаруу ыкмасын колдонуп жатабыз. Бирок дыйкандардын басымдуу бөлүгү жайып сугаруу менен колдонгонго көнүп калышыптыр. Аларды акырындык менен тамчылатып сугарууга үйрөтүүдөбүз", - деди Керималиев.

Белгилей кетсек, кышы менен айрым Бишкектин жер үйлөрүнүн жашоочулары күнү-түнү дебей сууларын агызып коюшат. Бул суу тоңуп калбашы үчүн. Бир суткада ошондо канча деген суу жөн эле агып кетип жатат. Ошондой эле, суубуз коңшу өлкөлөргө кандай жол менен сатылып жаткандыгын текшерген эч бир орган жок. Карапайым эл эптеп жанын багып сууга зар болуп жатканда суубуз бир тыйынга сатылып кетип жатат.

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

Последние новости