www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тогуз жылдан бери бизди күнөөлөп, бүт күнөөнү бизге шылташты, эми чындыкты ачыккы чыгарууга кез келди” деп экс ажонун иниси Адылбек Бакиев агынан жарылып, ачык жооп берди.
Адыл мырзанын айтуусунда 7-апрелде атылган балдарга Атамбаев күнөөлү “Ал 1000 киши атылса эч нерсе эмес, эң негизгиси бийликти алыш керек деп айтканы Куловдун китебинде бекер жазылып чыккан эмес” деп айтты, маегинде Адыл Бакиев. “Менин агам Курманбек Салиевич кызматтан кеткенине тогуз жыл болду, мамлекетте кана өзгөрүү болгону” деп айткан кеби дагы жүлүнгө тийип, чын эле иш алдыга жылбай жатканы Бакиевдин учурундагы кеткен кемчиликтерге азыр дагы бийлик секисинде олтургандар күнөөлү экенин айтып өттү.
Ошол апрель окуясындагы кылмыштардын бети ачыла турган болсо, балким катылган чындыктын бети ачыкка чыгар. Бул жерден мурдагы президент Курманбек Бакиевди актагандан алыспыз, чындыгында Бакиевдердин катарын толуктаган Адыл мырза айткандай? 2010-жылдан бери мамлекетте кыйраткан өзгөрүү деле болгон жок.
Бейкүнөө канча карапайым балдар атылды, канча бала жетим калып, канча аял жесир калды. Алардын тарткан азабына, көргөн күнүнө ким жооп берет? Баары эле аппак болуп четке чыга беришти. 7- апрелдеги борбордук аянтта элге карай ок атууну ким ойлоп тапкан, автору ким?-деген суроо азырынча жоопсуз калып келет. Ошол кезде саясатта орду бар Феликс Кулов, Атамбаевди күнөөлөп бекер китебине жазып чыккан эмес чыгар? Ушул жагына да тыкыр көз салыш керек болуп жүрбөсүн. Анткени мансап үчүн адам баласы эмнеге гана барбайт?
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg