www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-марттагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. 

Мыйзам долбоорун тааныштырган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, анын максаты Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү болуп саналат. Муну менен катар Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу сунушталат.

Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы аудитти өткөрүү функциясын негизинен Эсептөө палатасынын инспекторлору жүргүзөрүн, ал эми аудиторлор жетектөөчү милдеттерди аткарарын маалымдады.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Последние новости